БӨКӨНБАЕВ ГРАНИТ КЕНИ
БӨКӨНБАЕВ ГРАНИ́Т КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда, Бөкөнбаев кыштагынан 5 км түштүк-батыш тарапта, Дубана тоосунун чыгыш жак этегинде. 1975-жылы геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Аймагын ордовик мезгилинде жиреп чыккан интрузия тектери түзөт. Кен интрузиянын арасында 2 фазада пайда болгон орточо жана майда кристаллдуу бозомук, кызгылтым граниттен турат. Гранит аз жаракалуу, үбөлөнүүгө дуушарланбаган. Аянты 200х300 м. Блоктун чыгышы 30–40%. Граниттен курулуш таштарынан сырткары кооз белек буюмдарын да жасоого болот. Запасы 1 млн м3.