БӨЛЧӨК
БӨЛЧӨК а р и ф м е т и к а л ы к – 1дин бир же бир нече барабар бөлүктөрүн (үлүштөрүн) туюндурган сан. Бөлчөк a b (же a/b) символу менен жазылат, мында а ж-а b – бүтүн сандар. Бөлчөктүн бөлүмү b канча барабар бөлүккө бөлүнгөнүн, ал эми алымы a ошол бөлүктөрдөн канчоо алынганын көрсөтөт. Эгер Бөлчөктүн алымы бөлүмүнөн кичине болсо, анда a/b Бөлчөгү дурус Бөлчөк, тескерисинче болсо буруш Бөлчөк, бөлүмү 10 санынын даражасы түрүндө көрсөтүлгөн Бөлчөк ондук Бөлчөк деп аталат. Эгер a/b Бөлчөгүнүн алымын жана бөлүмүн бир эле санга көбөйтсөк, Бөлчөктүн чоӊдугу өзгөрбөйт. Ошондуктан, каалагандай a/b ж-а c/d Бөлчөктөрүн бирдей бөлүмгө келтирсе болот. Мындан сырткары, Бөлчөктүн алымын жана бөлүмүн бир эле санга бөлүп, аны кыскарта алабыз. Натыйжада каалаган Бөлчөктү кыскарбас Бөлчөк түрүндө көрсөтсө болот. Бөлүмдөрү бирдей a/b ж-а c/b Бөлчөктөрүн төмөнкү эреже боюнча кошуп, кемитебиз:
b
a c
d
c
b
a
.Бөлүмдөрү ар түрдүү a/b ж-а c/d Бөлчөктөрүн кошуп, кемитүү үчүн аларды жалпы бөлүмгө келтирүү, башкача айтканда b ж-а d сандарынын эӊ кичине жалпы бөлүнүүчүсүн табуу керек.