БӨЛҮКЧӨЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 20 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮКЧӨЛӨР – сүйлөмдөгү айрым сөздөргө, сөз айкаштарына же бүтүндөй сүйлөмгө ар кандай кошумча модалдык, маанилик касиет, логикалык маани киргизүүчү кызматчы сөздөр. Алар семантикалык, морфологиялык, синтаксистик белгилери боюнча өз алдынча кызматчы сөз түркүмү болуп калыптанган. Бөлүкчөлөр кызматчы сөз түркүмү болгондуктан, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт.