БОРБОРДУК НЕРВ СИСТЕМАСЫ
БОРБОРДУК НЕРВ СИСТЕМАСЫ – адамдын жана татаал түзүлүштүү жаныбарлардын мээсинин негизги бөлүгү. Четки нерв системасынан топтошуп жана кыртыш сымал жайгашкан нерв клеткалары менен айырмаланат. Ага мээ жана жүлүн кирет. Ал негизинен эки милдетти аткарат: 1) денедеги бардык органдарды жана системаларды бири-бири менен; 2) сезүү органдарынын жардамы менен айлана-чөйрөдөн маалымат алып, денени сырткы чөйрө менен байланыштырат. Негизги структуралык жана кызмат аткаруучу бөлүгү – нейрон. Денедеги бардык нерв талчалары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Ал организмдин айлана-чөйрө менен байланышын жөнгө салып, бардык органдардын иш-аракетин тейлейт. Анын функциясынын негизин рефлекстер түзөт. Борбордук нерв системасы дененин башка мүчөлөрү менен 12 жуп мээ нервин жана 31 жуп жүлүн дүмүрчөгүн байланыштырып, алардын ишин жүзөгө ашырат. Жүлүнгө арткы дүмүрчөгүнүн афферент нерви аркылуу териден, булчуӊдан, ички органдардан жана кол, буттан «маалымат» келип турат. Нейрондун алдыӊкы дүмүрчөгүнөн төмөнгө кетүүчү нервдер чыгып, алар аркылуу скелет булчуӊдарын жетектөөчү импульстар келет. Ошол эле жерде вегетатив нерв системасынын ички органдардын кызматын башкаруучу импульстарды берүүчү талчалары өтөт. Жүлүндүн ак затынын курамындагы афференттүү (борборго умтулуучу) жол менен мээге, ал эми жогортон төмөн карай эфференттүү (борбордон четтөөчү) жол аркылуу жүлүнгө Борбордук нерв системасынын жогорку бөлүгүнөн буйрук келет. Жүлүн жабыркаганда афференттүү жана эфференттүү импульстар токтойт. Жүлүндөн мээге жана андан жүлүнгө келүүчү бардык нерв жолдору мээнин сөӊгөгү аркылуу өтөт. Сүйрү мээ аркылуу өткөн рефлекстер жүлүн рефлексине караганда татаал болуп, ага дем алуу, кан айлануу, теӊ салмактуулук, чайноо, соруу, жутуу, кусуу, чүчкүрүү, жөтөлүү рефлекстери кирет. Сүйрү мээ кырсыкка учураса дем алуу жана кан айлануу токтойт, өмүргө коркунуч туулат. Сүйрү мээнин төрт дөбөчөсүндө көрүү, угуу, көз кыймылдаткыч борборлор бар. Көргөзгүч урчукта бүт дененин жүлүндөн, сүйрү мээден жана ортоӊку мээден жарым шар кыртышына келүүчү сезгич жолдор чогулат. Аралык мээ тамактануу, кан айлануу жана зат алмашуу процессин тейлейт, ошондой эле жүрөк-кан тамыр жана эндокрин системасынын функциясы менен ички жана сырткы кабыл алууну байланыштырат. Мээ сөӊгөгүнүн ретикул формациясы, гипоталамус, көргөзгүч урчугу мээ кыртышына кыймылдатуучу жана токтотуучу таасир берет. Ошолор аркылуу дененин уйку, сергектенүү, ачка болуу, суусоо, ооруу ж. б. функциясы ишке ашат. Мээ жарым шарынан кетүүчү импульс өтүүчү жол мээ сөӊгөгү аркылуу өтүп, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткаларына жетет. Мээ кыртышынын бир жагына кан куюлса, дененин экинчи карама-каршы тарабындагы булчуӊдар шал болот. Мээ кыртышы 200 млрд нерв клеткасынан (нейрондон) турат.
М. Жээналиев.