БОТАНИКАЛЫК БАК
БОТАНИКАЛЫК БАК – ботаникалык билимдерди таратуучу, илимий-изилдөө, окуу-тажрыйба иштерин жүргүзүү үчүн өсүмдүк өстүрүүчү мекеме. Көбүнчө изилдөө жумуштарын жана экспозицияларды түзүүдө пайдаланылуучу ачык жерлерден, оранжереяларда өстүрүлүүчү өсүмдүк коллекцияларынан турат. Мындай бактардын көпчүлүгүндө дарак, мөмө-жемиш, дары-дармек, гүл өсүмдүктөр өстүрүлүүчү аянтчалар болуп, чоӊ бакта 20–30 миӊге чейинки өсүмдүк түрү өстүрүлөт. Негизги милдети – өсүмдүктөрдүн жаӊы, баалуу түрлөрүн таап, аларды чарбада өстүрүүгө багыт берүү. Ботаникалык бак тарыхый жактан биринчи илимий ботаникалык борбор болгон. Алардын кыйласы ботаниканын бир катар бөлүмдөрү боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүчү комплексттик институттар болсо, айрымдары аткарган милдетине же коюлган темасына жараша адистештирилип, илимий мекемелерге айланган. Биринчи ботаникалык бак 14-кылымда Италияда негизделген. Кыргызстанда 1-жолу 1938-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында уюштурулган. Азыр ал – КР УИАнын карамагындагы өзүнчө илимий-изилдөө мекемеси. Бакта Кыргызстандын жана Орто Азия аймагында өскөн өсүмдүктөрдүн 600гө жакын түрү чогултулган. Жоголуп бара жаткан алма, четин, катыраӊкы, жылан жийде, аса-муса, боз кемпир, жапайы жүзүм ж. б. өстүрүлөт. КУУда окуу ишине байланышкан ботаникалык бак да бар.
Б. Кендирбаева.