БАШ АЙЛАНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:18, 22 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ АЙЛАНУУ – айлана-чөйрөнүн же өз денесинин айланкөчөк болуп ордунан жылгандай сезилиши жана теӊ салмактуулуктун бузулушу. Бейтапка буюмдар айлангандай, там кулачудай көрүнөт, басканда темтеӊдейт; кускусу келет, өӊү кубарып, тамыры жай согот. Баш айлануу дененин теӊ салмактуулугун сактаган ички кулактагы вестибулярдык аппараттын бузулуусунан болот. Дени соо адам дене абалын кескин өзгөрткөндө, бийиктикте иштегенде, деӊизде чайпалганда, гипертония ооруларында, мээ чайкалганда, алкоголь, никотин, ис газы менен ууланганда баш айлануу байкалат.