ВАКХАНАЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАКХАНА́ЛИЯ – Байыркы гректерде жана римдиктерде шайырдыктын кудайы Вакхка арналган майрам; 2) операда, балетте, хореографиялык көрүнүш же бий. Шатыра-шатман, жарпты жазууну, көӊүл ачууну сүрөттөйт. Жүрүшү жандуу, ылдам. Музыкалык өлчөмү жана формасы эркин. Вакханалия хореографиялык жанр катары 18-кылымда жаралган. Вакханалиянын мыкты үлгүлөрү Вагнердин «Тангейзер»‚ Cен-Cанстын «Cамсон жана Далила» аттуу операларында‚ Глазуновдун «Раймонда» балетинде ж. б. чыгармаларда пайдаланылган.