ВАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛ м а ш и н а к у р у у д а – айлануучу тетикке айландыруу моментин берип, аны бир абалда кармап туруучу машина тетиктеринин бири. Ал энергия булагынан же энергияны өзгөртүүчү түзүлүштөн толгоочу моментти өткөрөт, айлануучу тетиктердин таянычы катары кызмат кылат жана подшипникте айланат. Машинанын конструкциясына карата Вал толгоочу моментти гана пайда кылбастан, өзүнүн огуна жарыш жана туура багытталган күчтөргө да дуушар болот. Вал конструкциясы боюнча түз, муунактуу, шлицалуу, ал эми туура кесилиш формасына карай көӊдөй же жумуру болот. Вал көмүртектүү жана легирленген болоттордон жасалат.