ВАЛАКЫШ
ВАЛАКЫШ – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Үч-Коргон айыл округуна караштуу. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 43 км түндүк-чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 8 км. Деӊиз деӊгээлинен 910 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3228 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.