ВАЛАМИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:35, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛАМИ́Р, Б а л а э м и р, Б а л а м б е р (420–469, Паннония, Байыркы Рим) – Батыш Хунн империясынын бийлөөчүсү. Валамирдин кол башчылыгы астында хунндар 370-жылы аландарды, 375-жылы Остгот королдугун талкалаган. 376-жылы Дунай дарыясынын жээгинде вестготторго сокку урган. Анын натыйжасында Батыш Хунн империясы Жайык (Волга) дарыясынан Дунайга чейинки аймактарга ээлик кылган.
Ад.: Бернштам А. Н. Очерки истории гуннов. Л., 1951; Иордан. О происхождении и деянии гетов. М., 1960.

С. Өтөниязов.