БОТУЛИЗМ (малда)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:14, 22 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТУЛИ́ЗМ м а л д а – жаныбарлардын массалык түрдө уулануусу. Көбүнчө жылдын жылуу мезгилинде, мал жайытта багылган учурда байкалат. Ылаӊ өтө курч өткөндө жылкы жана бодо мал эч бир клиникалык белгисиз эле мүрт өлөт. Кээде гана ылаӊдаган мал эстен танган абалда жатып жан берет. Мал сейрек айыгат. Малдын ичинен көбүнчө жылкы, ал эми чочко сейрек ылаӊдайт. Дарылоодо ууланган малдын ичеги-карынын тамакка пайдалануучу соданын эритмеси менен жууп, чычкактатуучу күчтүү дарылар колдонулат, жылуу клизма жасалат, физиологиялык эритме, глюкоза жана кофеин куят, оозун калий перманганаты менен чайкайт. Ылаӊ жаӊы башталганда венасына курамында ботулизмге каршы анатоксиндүү кан сары суусун көп өлчөмдө куюу жакшы натыйжа берет (жылкыга 600–900 мл).