ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (тил илиминде)
ВАЛЕНТТҮҮЛҮК (лат. valentia – күч) т и л и л и м и н д е – сөздүн башка сөздөр менен синтаксистик байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. Валенттүүлүк түшүнүгү лингвистикага биринчи ирет С. Д. Кацнельсон тарабынан киргизилген (1948). Батыш Европа тил илиминде бул термин алгач Л. Теньер тарабынан этиштин айкашуучулук жөндөмүн белгилөө үчүн гана пайдаланылган. Валенттүүлүктү этиш сөз кабыл ала турган актанттардын саны катары караган. Ошого жараша этиштерди бир валенттүү (мисалы, Ал берди.), эки валенттүү (мисалы, Ал китеп берди.), үч валенттүү (мисалы, Ал китепти мага берди.) деп бөлгөн. Тил илиминде негизинен Валенттүүлүк кеӊири жагдайда сөздөрдүн ж. б. бирдиктердин айкашуу жөндөмдүүлүгү катары каралып келген. Ар бир тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык сөз түркүмдөрүнүн Валенттүүлүгү жана сөздүн семантикасы менен байланышкан лексикалык Валенттүүлүк деп айырмаланат.