ВАЛЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 22 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЕОЛО́ГИЯ (лат. vale – саламат бол ж-а ...логия) – медицина менен педагогиканын адамдын жеке ден соолугун комплекстүү изилдөө максатын көздөгөн багыты. Анда адам ден соолугу социолдык-экономикалык, медициналык, экологиялык ж. б. аспектте изилденет. Бул илим Россияда 1990-жылдарда калыптана баштаган.