ВАЛЬПАРАИСО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:42, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЬПАРАИ́СО – Чилинин борбордук бөлүгүндөгү шаар; Вальпараисо аймагынын административдик борбору. Калкы 295,1 миӊ (2017; агломерациясы менен 916 миӊ). Калкынын саны жана экономикалык потенциалы боюнча өлкөнүн борборунан кийинки шаар. Тынч океандын жээгинде. Ири жолдор тоому. Трансиндия темир жол магистралынын (Вальпараисо – Сантьяго – Буэнос-Айрес) баштапкы пункту. Метрополитен иштейт (2005). 1536-жылы негизделген. Жер титирөөдөн (1730, 1817, 1906, 1928, 1960 жана 1971) өтө жабыркаган. Шаардын жаӊы көрүнүшү 19–20-кылымдарда америкалык жана англиялык архитекторлор тарабынан долбоорлонгон. Эски шаардын деӊиз жак жээги Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Университеттер (католик, техникалык ж. б.), укук мектеби, деӊиз академиясы, калк китепканасы, музейлер, сүрөт галереясы, акын П. Неруданын үй-музейи, театр, ботаникалык бак бар. Вальпараисо – Чилинин аскер-деӊиз базасы. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Шаар – ири өнөр жай жана башкы айыл чарба борбору. Тамак-аш, жеӊил, химия, токой, цемент, машина куруу, металл иштетүү, кара металлургия өнөр жайы, ЖЭС (мазут менен) иштейт.