БУГУ (жаныбар)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:36, 23 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУГУ (Сеrvus) – ача туяктуулар түркүмүнүн бугулар тукумундагы жаныбар. Буту узун, куйругу кыска, ача мүйүздүү; өркөчүнөн бийиктиги 60–105 см. Бугунун 12–13 түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө анын 6 түрү (сыпайы бугу, чаар бугу, элик-багыш, багыш, элик жана түндүк бугусу) кезигет. Түндүк бугусу колго үйрөтүлүп, Таймыр жарым аралында, Якутия, Сибирь жана Ыраакы Чыгышта багылат. Топ-тобу менен жашайт; түндүк бугунун негизги тоюту – эӊилчек (ягель). Мүйүзү жыл сайын түшүп, кайра чыгат. Чаар бугунун (көбүнчө жашынын) мүйүзүнөн дары (пантокрин ж. б.) жасалат. Анын айрым түрүнүн эти, териси, мүйүзү мааниге ээ. Эркегинин тирүүлөй салмагы 105–180 кг, маралыныкы 80–120 кг. Жапайы бугу Ысык-Көл, Нарын облустарында бар. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган (к. Бугу чарбасы).