ВАЛЮТА РЕЗЕРВДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:56, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮ́ТА РЕЗЕРВДЕРИ – эл аралык эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн өлкөнүн борбордук банктарында жана валюта финансы органдарында же эл аралык валюта кредиттик уюмдарда сакталып турган алтындын жана чет өлкөлүк валютанын борбордоштурулган запасы. Валюта резервдеринин бир бөлүгүн мамлекеттик валюта саясатынын чегинде‚ башкача айтканда валюталык чектөөлөр аркылуу пайдалануучу жеке менчик коммерциялык банктарга тиешелүү чет өлкөлүк валютадагы ресурстар түзөт.