ВАЛЮТАЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР
ВАЛЮТАЛЫК ЧЕКТӨӨЛӨР – чет өлкөлүк валютада нормаланган чет өлкөлүк валюта‚ алтын жана баалуу кагаздар менен операцияларды‚ биринчи кезекте чет өлкөлүк валютада төлөмдөрдү‚ валюталарды чет мамлекетке которууну‚ чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатууну жөнгө салуучу нормалар. Валюталык чектөөлөр төлөм балансынын тартыштыгын кыскартуу максатында пайдаланылат.