ВАЛЮТАНЫН РЕАЛДУУ АЛМАШУУ КУРСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:09, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАЛЮТАНЫН РЕАЛДУУ АЛМАШУУ КУРСУ чет өлкөлүк валютанын атамекендик валютанын бирдиги менен көрсөтүлүүчү баасы. Мисалы‚ АКШнын 1 долларына сомдун алмашуу курсу. Валютанын реалдуу алмашуу курсун кээде сооданын шарты деп аташат. Алмашуу курсу реалдуу жана номиналдуу деп бөлүнөт. Эгер Валютанын реалдуу алмашуу курсу жогору болсо‚ анда чет өлкөлүк товарлар салыштырмалуу арзан‚ ал эми өз ата мекенинде чыгарылган товарлар салыштырмалуу кымбат болот.