ВАН-ДЕР-ВААЛЬС КҮЧТӨРҮ
ВАН-ДЕР-ВА́АЛЬС КҮЧТӨРҮ – молекулалар ортосунда таасир эткен начар тартылуу күчтөрү. Бул күчтүн сан мааниси турактуу молекуланы түзгөн күчтөргө караганда көп эсе аз болгондуктан, «начар» деп аталат. Биринчи жолу бул күчтү идеалдык газ теӊдемесине реалдык газдын баш ийбестигин түшүндүрүш үчүн Ваальс киргизген. Ван-дер-Ваальс күчтөрүнүн жакшы касиеттеринин бири – анын электр зарядына жана электр моментине ээ болбогон молекулалардын (системалардын, атомдордун) ортосунда пайда болушу.Ван-дер-Ваальс күчтөрү – инерттүү газдардын өз ара аракеттешүүсүндө аларды катуу жана суюк абалга алып келүүчү жалгыз күч. Ван-дер-Ваальстык тартылуу күчтөрү электр-магниттүү жана молекулалардын өзгөчөлүктөрүнө жараша багыттоочу, таасирлөөчү (индукциялоочу) жана дисперсиялык болуп бөлүнөт. Ван-дер-Ваальс күчтөрү валенттик күчтөргө (иондук, металлдык жана коваленттик) караганда көп эсе кичине болгондугуна карабастан, беттик кубулуштарда, органикалык кошулмаларда, молекулалык биологияда, катализде, суюк чөйрөдөгү химиялык реакцияларда ж. б. чоӊ мааниге ээ Ван-дер-Ваальс күчтөрү молекулалардын өз ара аракеттешүү күчтөрү деп да аталат.