ВАН (Түркиядагы көл)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:40, 23 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ВАН 1 to ВАН (Түркиядагы көл)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАН – Түркиянын чыгышындагы туюк көл. Армян тайпак тоосундагы тектоникалык өрөөндө 1646 м бийиктикте жайгашкан. Аянты 3,7 миӊ км2дей. Тереӊдиги 145 мге чейин. Кеме жүрөт (Анкара – Тебриз темир жол парому). Суусу туздуу (19,1%). Чыгыш жээгинде Ван шаары жайгашкан. Ванга жакын Сюпхан жана Немрут жанар тоолору бар. Жээгинде Кыргызстандан ооп барган кыргыздардын чакан тобу жашайт.