БУРУУ
БУРУУ – жылдыруунун бир түрү. Мында мейкиндиктин жок дегенде бир чекити кыймылсыз калат. Тегиздикти буруудагы кыймылсыз чекит айлануу борбору деп аталат. Мейкиндикти бурууда кыймылсыз жалгыз түз сызык болот, ал – буруунун огу. Евклид мейкиндигинин буруусу мейкиндик багытынын сакталышына же сакталбашына карата өздүк же өздүк эмес буруу деп ажыратылат. Тегиздикте өздүк буруу декарттык тик бурчтуу координаталар (х,y) менен (координата башталмасы
х'=x cos– y sin
Б. борборунда):
y' = x sin – x cos, ал эми өздүк эмес буруу декарттык тик бурчтуу координаталар
х'=x cos– y sin
(x, y) м-н туюнтулат: y' = x sin – x cos, мында – буруу бурчу. Өздүк эмес буруу тегиздикте өздүк буруу менен октук симметриянын көбөйтүндүсү катары көрсөтүлүшү мүмкүн.