БҮРГҮН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:41, 24 Май (Бугу) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГҮН (Aquilegia) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу; көп жылдык чөп. Сабагы тик өсөт, бийиктиги 20–70 см. Жыш же сейрек түктүү. Жалбырагы айчык, тереӊ тилкелүү, төмөнкү жалбырагы саптуу, жогоркусу сапсыз.

Чөйчөкчөсү түстүү 5 жалбыракчадан, таажысы 5 желекчеден турат. Гүл коргону 5 мүчөлүү. Уругу вегетациялык жол менен көбөйөт. Жер жүзүндө 75, Кыргызстанда 5 түрү бийик тоодо, таш арасында өсөт. Бардыгы малды ууктурат. Гүлү кооз болгондуктан, чөмүч баш жана кадимки бүргүн өстүрүлөт.