ВАНАДИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:24, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАНА́ДИЙ КЕНТАШТАРЫ – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын табияттагы чогундусу. Ванадий кенташтарынын негизги минералдары: ванадинит (курамында V2O5–11–19%), деклуазит (16–23%), кульсонит (15%ке чейин), карнотит (16–21%), роскоэлит (21–29%), патронит (9–29%). Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка өнөр жайлык маанидеги минералдары болуп титаномагнетит менен магнетит эсептелет. Алардагы V2O5–0,1–4,9%. Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al ж. б. да болот. Ванадий кенташтарынын кендери эндогендик жана экзогендик болуп бөлүнөт. Э н д о г е н кендери ультранегиздүү, жегичтүү тоо тектер менен байланыштуу болуп, магма, метасоматоз жана гидротерм процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анча бай эмес (V2O5–0,1–1%), бирок запасы мол. Э к з о г е н кендери коргошун-цинк жана жез кенташтарынын кычкылдануу зонасында (V2O5–2–10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1–1%), ванадийлүү нефтиде (5–58%), асфальтитте (50%ке чейин), титан магнетиттүү кен чачындысында (0,3%) ж. б. кезигет. Алар оолиттүү күрөӊ темир кенташтарында (V2O5– 0,07–0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланецтерде (0,2–1,5%), бокситтерде (0,02–0,04%), көмүрлүү жана күйүүчү сланецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкрецияларында (0,1%) да болот. Булардын курамында V2O5 аз болгону менен запасы мол. Запасы 1 млн тдан ашат (Урал-Россия, Түштүк Африка Республикасы), ири кендериники – 10 миӊ т. Дүйнөлүк запасы 60 млн т, анын 90% Россия, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, АКШ жана Кытайда. Кыргызстанда Ванадий кенташтары негизинен көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясында кеӊири таралган.
Ад.: Борисенко Л. Ф. Руды ванадия. М., 1983.