ВАРГАН
ВАРГА́Н (лат. organum, грек. organon – курал, аспап) – темир ооз комуздун түрү; тилдүү какма муз аспап. Жыгач, сөөк, темирден жасалат. Варганды кыргыздын ооз комузу сыяктуу тишке кыпчып, тилин сөөмөй м-н

какканда, ооз көӊдөйүнүн чоӊоюп же кичирейгенине жараша добуш чыгат. Варган менен көбүнчө кыска күүлөр ойнолот. Варган негизинен Орто жана Түштүк-Чыгыш Азия, Африка элдеринде кеӊири таралган.