ВАРИАТОР
ВАРИА́ТОР – кыймыл берүүчү жана аткаруучу механизмдердин ортосундагы кыймыл өткөрүү катышын баскычсыз жөнгө салуучу механизм. Вариатор баскычсыз кыймыл өткөрүүчүлөрдөн жана аларды иштетүүчү түзүлүштөрдөн турат. Жөнгө салуу диапазону 3–6 (кээде 16га чейин), ал эми пайдалуу аракет коэффициенти 0,85–0,95. Эӊ көп таралганы фрикциялык Вариатор, ал эми гидравликалык Вариатор аз колдонулат. Ал текстиль, кагаз, химия өнөр жайларындагы станоктордо, машиналарда, транспортто жана өндүрүш процесстерин автоматташтырууда пайдаланылат.