ВАРИКАП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРИКА́П [англ. vari (able) – өзгөрмөлүү жана cap (acity) – сыйымдуулук] – сыйымдуулук берилген чыӊалууга көз каранды болгон жарым өткөргүчтүү диод. Германий, кремний, галий арсениди ж. б-дын негизинде жасалат. Радиоэлектрондук түзүлмөлөрдө термелүү контурунун жогорку жыштыгын түзөтүүдө, жыштыкты жогорулатуу, параметрдик күчөтүү үчүн өзгөрмө сыйымдуулукту алуу ж. б-да башкарылуучу конденсатор катары колдонулат.