ВАРИНЬОН ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 24 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРИНЬО́Н ТЕОРЕМАСЫ – теориялык механиканын берилген күчтөр системасынын моменти менен ал күчтөрдүн теӊ салмактоочу күчүнүн моментинин арасындагы көз карандылыкты көрсөтүүчү теоремаларынын бири. Күч сызыгы бир чекитте кесилген күчтөрдүн системасы үчүн француз окумуштуусу П. Вариньон 1687-жылы далилдеген. Теорема: эгерде берилген күчтөр системасы F теӊ салмактоочу күч Rге ээ болсо, анда теӊ салмактуулук күчү кандайдыр бир борбор чекити Ого (же окко) карата моменти M(R) берилген күчтөрдүн ушул эле борборго карата моменттеринин M0(Fi) суммасына барабар, башкача айтканда: M0(R)=M0(Fi). Бул теорема статиканын маселелеринде, курулуш механикасында ж. б. тармактарда кеӊири колдонулат.