ВАРНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́РНА – Болгариянын чыгышындагы шаар, Варна облусунун административдик борбору. Калкы 335,2 миӊ (2017); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (София, Пловдивден кийин). Кара деӊиздеги Варна булуӊунун жээгинде жайгашкан. Мааниси боюнча өлкөдөгү 2-деӊиз порту (жылына 8,5 млн т жүк ташылат). Варна – Ильичёвск (Украина) – Поти – Батуми (Грузия) паром байланышы жана эл аралык аэропорту бар. Байыркы грек Одессос полиси катары б. з. ч. 570-жыл ченден белгилүү. 971-жылы Византия басып алган, 1201-жылдан 2-Болгар падышалыгынын курамында, 1393-жылы түрктөр басып алган. 18–19-кылымдарда ири портко жана соода борборуна айланган. 1949–56-жылдары И. В. Сталиндин ысмында. Шаарда антика жана соӊку Византия курулуштарынын калдыктары сакталган. Эски бөлүгүндө жыгач үйлөр, чиркөөлөр, мечиттер бар. Өлкөнүн маанилүү өнөр жай жана маданий борбору. Университеттер, музейлер, сүрөт галереясы, музей-аквариум, театрлар, зоопарк, дельфинариум, планетарий, деӊиз паркы (1881, аянты 85 га) иштейт. «Варна жайы» муз. фестивалы (1926, 1966-жылдан эл аралык), эл аралык балет конкурсу, дирижёр жана композитор Г. Димитров атындагы май айы хор конкурсу өткөрүлүп турат. Кеме куруу жана ремонттоо заводдору, электр приборлор, текстиль, тигүү, тамак-аш, хим. (ири комплекс) өнөр жайлары иштейт. Деӊиз жээгинде «Алтын Кум» улуттук паркы, «Тилик таш» («Дилик таш») уникалдуу табият резерваты, шаардан түндүктө деӊиздик климаттык бальнеол.-баткак курорттору – Алтын Кум, Ыйык Константин жана Елена (мурдагы Достук), Албена, Тузла ж. б. жайгашкан.