ВАРРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́РРИ – Нигериянын түштүгүндөгү шаар, Дельта штатында. Калкы 546,6 миӊ (2006). Нигер дарыясынын дельтасында жайгашкан. Өлкөдөгү ири порт (19-кылымдын аягынан, сыртка нефть, каучук, май пальмасынын продуктуларын, жер жаӊгак, какао, тери чыгарат). Аэропорту бар. 15-кылымда негизделген. Нефть институту (1872), нефть ажыратуу, нефть-химия, металлургия заводдору, кеме ремонттоочу ишканасы иштейт. Кустардык өндүрүшү (жоон аркан, каноэ, согулган буюмдар) өнүккөн.