ВАСИЛИЙ БЛАЖЕННЫЙ ХРАМЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:13, 27 Май (Бугу) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСИ́ЛИЙ БЛАЖЕ́ННЫЙ ХРАМЫ (эски аты – Покровский собору) – орус архитектурасынын эстелиги. Казан хандыгын багындыргандын урматына 1555–1561-жылдары Москвада Соода аянтына (азыркы Кызыл аянт) тургузулган. Керегеси бышык кыштан, таманы ак таштан салынган. Архитекторлору Барма жана Иван Яковлев (ылакап аты – Постник). Храм өз мезгилиндеги курулуш өнөрү боюнча эӊ мыкты үлгүлөрдөн болуп саналат. Борбордук бийик храмга мунара түрүндөгү 8 храм курчай салынган. Азыр ал тарых музейинин филиалы. Кызыл аянттагы объекттердин катарында Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.