ВАСИЛЬЕВДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:08, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСИЛЬЕВДЕР (окшош фамилиялуулар псевдоними – б и р т у у г а н В а с и л ь е в д е р) – фамилиялары уйкаш орус кинорежиссёрлору жана сценаристтер. Г е о р г и й Н и к о л а е в и ч (25. 11. 1899, Вологда – 18.6.1946, Москва) – РСФСРдин искусствого эмгек сиӊирген ишмери (1940). Журналист, 1924-жылдан кинорежиссёр, Сергей Дмитриевич менен бирге иштеген. Ленин жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. С е р г е й Д м и т р и е в и ч [22.20(4.11). 1900, Москва – 16. 12. 1959, Ленинград] – СССР эл артисти (1948). Алгачкы режиссёрлук иши – «Муздагы эрдик» (1928) документ фильмин биргелешип тартышкан. «Уйкудагы сулуу» (1939) фильминде алар биринчи жолу жалпы псевдоним менен чыгышкан. Васильевдердин атагын чыгарган «Чапаев» фильми (1934; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1941). Васильевдер үндү колдонууда жана музыканы чечмелөөдө кинорежиссура искусствосун жаӊы баскычка көтөргөн. Васильевдер андан башка «Волочаев күндөрү» (1937), «Царицын коргонуусу» (1941; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1942), «Фронт» (1943) фильмдерин биргелешип тартышкан. Сергей Дмитриевич «Шипка баатырлары» (1955), «Октябрь күндөрүндө» (1958) фильмдерин койгон. Ал «Ленфильм» киностудиясынын көркөм жетекчиси (1944–49), директору

«Чапаев» фильминен кадр. Режиссёрлор бир тууган Васильевдер. 1934.

(1955–57) болгон. Ленин ордени, башка 2 орден менен сыйланган. Бир тууган Васильевдер атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгы белгиленген.
Ад.: Писарский Д. С. Братья Васильевы. М., 1981.