ВАСИЛЬЕВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСИ́ЛЬЕВКА – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Васильевка айыл округуна караштуу. Чүй дарыясынын сол жээгинде, деӊиз деӊгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору – Лебединовка кыштагынан 45 км түндүк-батыш тарапта. Пишпек темир жол бекетинен 40 км. 1903–05-жылдары негизделген. Калкы 8860 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Кесиптик-техникалык окуу жайы, орто мектеп, бала бакча, оорукана, ФАП, дарыкана, клуб, китепкана, универмаг, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры И. А. Гришин туулган.