ВАСУБАНДХУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:29, 27 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАСУБА́НДХУ (316-ж. ч., Пурушапура, азыркы Пакистан, Пешавар – 396, Уттар-Прадеш штаты, Айодхья) – индиялык философ-буддист. Адегенде хинаяна мектептеринин бири – вайбхашик анын көз караштарында болгон. Андан соӊ махаянанын тарабына өтүп, йогачара мектебинин окутуучусу болуп калган. Анын башкы чыгармасы «Абхидхармакоша» жалпы эле вайбхашика жана хинаяна системаларынын компендиясы (негизги өзөгү сакталып, кыскартылган варианты) экенин кытайчага которулган тексттен табышкан. Ал йогачалардын философиялык окуусун баяндаган – «Вижнаптиматратасиддхи» деген эмгегин жазган. Мындан тышкары философия маселелерин өз алдынча изилдеген чыгармалары арбын. Васубандхуга аталыштардын (илимий мектептердин логикалык изилдөөлөрүнө кыйла таасир көрсөткөн) проблемаларына кызыгуу мүнөздүү.