ВАТТАР
ВАТТАР (нем. Watten, голландча wadden – жээк сайроону) – деӊиз ташкыны болгондо суу каптап, тартылганда кайра ачылып калган жайык жээк тилкеси; ага майда кумдун жана тунманын топтолушунан пайда болгон аккумуляциялык формалар мүнөздүү. Түндүк, Ак, Баренц, Охота, Беринг деӊиздеринин, Мексика булуӊунун жээктеринде ж. б. жерлерде кездешет.