ВАУЧЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:13, 28 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́УЧЕР (англ. voucher – тилкат) – жазуу жүзүндөгү күбөлүк‚ кепилдик‚ гарантия же сунуштама. Мамлекет кирешелүүлүгүнө‚ өтүмдүүлүгүнө гарантия бере албагандыктан‚ Ваучерди баалуу кагаз деп эсептөөгө болбойт. Ал карыз катары (мисалы‚ облигация‚ вексель‚ казыналык милдеттенме) саналбайт‚ киреше талап кылуу укугун (акция сыяктуу) бербейт. Ошентсе да Ваучер менчиктештирүү процессинде төлөм каражатынын милдетин аткаруу менен акча бирдиги катары пайдаланылган. Ваучер Кыргызстанда КР Президентинин 1992-жылдын 10-январындагы «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана коммуналдык мүлктү сатып алууга арналган атайын төлөм каражаттарын киргизүү тууралуу» указы менен киргизилген.