ВАХШ
ВАХШ – Тажикстандагы дарыя, Аму-Дарыянын оӊ түзүүчүсү. Узундугу 524 км, алабынын аянты 39,1 миӊ км2. Кызыл-Суу менен Мук-Суу дарыялары кошулгандан Сурхоб аталып, батышты карай агат; ага Обихингоу дарыясы куйгандан кийин Вахш аталып түштүк-батышка бурулат. Андан ары Вахш өрөөнү аркылуу агат. Суусунун орточо чыгымы төмөн жагында 666 м3/сек, эӊ көбү – 3120 м3/сек, эӊ азы 130 м3/сек. Суусунун киргилдиги менен айырмаланат (5,77 кг/м3). Сугатка кеӊири пайдаланылат. Вахш дарыясында Нурек, Байпаза, Башкы Рогун ГЭСтери курулган. Боюнда Нурек, Калининабад шаарлары жайгашкан.