ВАХШ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:32, 28 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАХШ ӨРӨӨНҮ Вахш дарыясынын ортонку жана төмөнкү агымдарын ээлейт; Тажикстанда. Узундугу 110 км, таманынын бийиктиги 400дөн 1200 мге чейин. Көп бөлүгү аллювий тектеринен турат. Нефть жана газ кендери (Кичи-Бел, Кызыл-Тумшук) бар. Сугат жерлеринде пахта эгилет. Багбанчылык өнүккөн. Вахш өрөөнүндө Нурек, Калининабад шаарлары жайгашкан.