ВАШИНГТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 28 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВА́ШИНГТОН – АКШнын борбор шаары. Колумбия федерация округу болуп бөлүнүп, өзгөчө административдик статуска ээ. Өлкөнүн башкы саясий, маданий, илимий борбору. Калкы 706,0 миӊ (2020; а. и. 60%тейи африка-америкалыктар); Чоӊ Вашингтондуку 5,1 млн. Атлантика океанынын жээгинде, Потомак дарыясынын төмөнкү агымынын боюнда, деӊиз деӊгээлинен 128 м бийиктикте жайгашкан. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору (Ж. Ф. Даллес, Балтимор – Вашингтон, Р. Рейган атындагы), метрополитен бар. Дарыя порту. АКШнын Конгрессинин чечими менен 1791-жылы негизделген. АКШнын 1-президенти Ж. Вашингтондун урматынан аталган. 1802-жылдан шаар статусуна ээ. Америка мамлекеттери уюмунун, Эл аралык валюта фондунун туруктуу кеӊештери, Бүткүл дүйнөлүк реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкармалыгы жайгашкан. Көптөгөн эл аралык конференциялар [анын ичинде Вашингтон конференциясы (1921–22)], массалык коомдук-саясий иш-чаралар, марш, манифестация, митингдер өтүүчү жай. Шаардын алгачкы планын 1791–93-жылдары архитектор П. Ш. Ланфан мамлекеттик

Ак үй.

ишмер Т. Жефферсондун катышуусунда түзгөн. Размери 10х10 миль болгон аянтта тик бурчтуу жыш көчөлөр тармагы («стрит»), диагональ проспектилери («авеню») чийилген. Башкы огу дөӊсөөдөгү Капитолийди түздүктө жайгашкан Ак үй, Ж. Вашингтон, А. Линкольндун эстелик ансамблдери менен байланыштырат. Негизги композициялык түйүндөрү – классицизм стилиндеги ири административдик имараттары. Эски ратуша, казына, патент агентчилиги ж. б. менен өзгөчөлөнөт. 1870–90-жылдары монументалдык курулуштарынан мамлекеттик, деӊиз департаменттери, кенен парк системасы, Ыйык Пётр жана Павел собору, Юнион-стейшен вокзалы, шаар куруу жана турак жай департаменттери бар. Жоржтаун турак-жай району байыркы аз кабаттуу үйлөрү менен тарыхый аймак катары коргоого алынган. Жефферсонго, Вьетнамда болуп өткөн согуштун ардагерлерине мемориалдык эстеликтер тургузулган. Потомак дарыясынын оӊ жээгинде Арлингтон шаар айланасы (Пентагон, 1940–41), Арлингтон улуттук көрүстөнү, Ф. Даллас аэропорту, аэровокзал жайгашкан. Вашингтондо өлкөнүн ири илимий борборлору Улуттук ИА (1863; Улуттук изилдөө кеӊеши менен), Улуттук инженердик академия (1964), медицина, Смитсон институттары, аскер-деӊиз обсерваториясы (1930) ж. б. иштейт. Ири университеттери: Жоржтаун (1789), Ж. Вашингтон (1821), Колумбия округунун (1851), Галлаудет (1864), Гарвард (1867), Түштүк-Чыгыш (1879), Католик (1887), Америка (1879), Тринити-коллеж (1897). Ири китепканалары: АКШ Конгрессинин, Сенаттын (1871), Колумбия округу калк (1896) ж. б. Негизги музейлери: Улуттук искусство, Фрир сүрөт (1906), Хиршхорн (1966), Улуттук портрет жана Африка искусствосу галереялары (1962), абада сүзүү жана астронавтика улуттук (1946), тыӊчылыктын эл аралык ж. б. Кеннеди борбору бир нече театрларды ж-а концерт мекемелерин бириктирет. Театрлары: Улуттук, «Арена стейдж», Вашингтон балети, Вашингтон улуттук операсы; улуттук симфониялык оркестри иштейт. 1986-жылдан жыл сайын эл аралык жаз музыка конкурсу өткөрүлүп турат. Шаар калкынын 89% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Мамлекеттик аппаратты, эл аралык уюмдарды банк-кредит системасын, ишкерлер чөйрөсүн, камсыздандыруу бизнесин, инфраструктураны, телекоммуникация менен байланышты тейлейт. Вашингтондо ири компаниялар «Gannett» медиахолдингинин, «ХМ Satellite Radio» телерадио-компаниясынын, «Marriott» (бүткүл дүйнөлүк отеллдер тармагы) компаниясынын, финансы концернинин штаб-квартиралары, ошондой эле АКШнын коргоо министрлиги, алдыӊкы америкалык компаниялар, коомдук, менчик коммерциялык эмес, мамлекеттик уюмдары жайгашкан.
Шаардын экономикасынын башкы тармагын туристтик бизнес (жылына 1 млндон ашык; Канада менен Мексикадан тышкары) түзөт. Полиграфия, тамак-аш өнөр жайлары өнүккөн. Мезгилдүү басылмалардан «Вашингтон пост», «Ю-Эс-Эй тудей» гезиттери чыгат. Дүйнөдөгү эӊ ири коргоо мекемеси (авиа жана космос техникалары), генетика тармагын изилдөөчү компаниялар ж. б. бар.


Ад.: Вашингтон// Большая Российская энциклопедия. Т. 4. М., 2006.