ВВЕДЕНСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 28 Май (Бугу) 2024 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВВЕДЕ́НСКИЙ Борис Алексеевич [7(19).4.1893, Москва – 1.6.1969, ошол эле жер] – орус радиофизиги, СССР ИАнын академиги (1943; корреспондент- мүчө, 1934). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963). Москва университетин бүткөндөн кийин (1915), илимий-изилдөө мекемелерде, 1927–35-жылдары Бүткүл союздук электр-техникалык институтта, 1941–44-жылдары СССР ИАнын Физика институтунда иштеген. 1946–51-жылдары СССР ИАнын техникалык илимдер бөлүмүндө академик-секретарь, 1944–53-жылдары СССР ИАнын радио техникалык проблемаларды изилдөө боюнча секциясына төрага, 1951–69-жылдары БСЭнин (Большая советская энциклопедия) 2- жана 3-басылышына башкы редактор. Негизги эмгектери ультракыска диапазондогу радио толкундардын (УКТ) таралышын жана УКТ техникасын изилдөөгө арналган. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1952). Үч Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.


Ад.: Аршавский И. А. Н. Е. Введенский. 1852–1922. Л., 1950.