БАНДАР-СЕРИ-БЕГАВАН
БАНДА́Р-СЕРИ́-БЕГА́ВАН – Бруней мамлекетинин борбор шаары (1984-жылдан). Калкы 202,7 миӊ (2011). Калимантан аралынын түштүк-батыш жээгинде, Кедаян дарыясынын чатында жайгашкан. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. 7-кылымдан белгилүү. 15-кылымга чейин Кота Бату, 15–20-кылымда Бруней деп аталган. 1970-жылдан азыркыча аталат (малайяча «Улуу даражалуу шаар»). Султан Омар Али Сайфуддин IIIнүн урматына аталган. Анын тушунда Брунейдин 1-конституциясы кабыл алынган. 14-кылымдан Болкиахтар династиясынын султандарынын резиденциясы. Ахмад султандын тушунда Аравиядан окумуштуу мусулмандар жана диний кызматкерлер келишкен. 15-кылымда көптөгөн мечиттер, чептер жана таш үйлөр курулган. 16-кылымдан ири порт жана Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзүп келет. 1578-жылы испандар басып алып, талкаланып тонолгон. Шаарды султан Мухаммед Хасан (1582–1605) калыбына келтирип, бир топ кеӊейткен. Шаар суунун үстүндө (үйлөр атайын түркүктөрдүн үстүндө салынган) жана кургактыкта жайгашып, жыгач көпүрөлөр менен байланышат. Шаардын так ортосунда алтын кумпалуу Омар Али Сайфуддин мечити (1958; бийиктиги 77 м), анын астында лагунада диний иштер үчүн ладья (16-кылым), Король сарайы, Король шаан-шөкөт залы (1984), коммерция комплекси (1996), мечит бар. Университет (1985), Бруней техникалык (1929), адабият жана тил институттары, китепканалар, музейлер иштейт. Конституция тарыхы галереясы (1984), Бруней (1965), Король регалиялар (1992) ж. б. музейлери, У. Черчиллдин эстелиги жана музейи, археология паркы, Жерудонг паркы (спорт комплекси), улуттук стадион, Бруней королдорунун яхта клубу бар. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайлары, кеме верфи иштейт. Кол өнөрчүлүк (Кампонг-Айер аймагында батик өндүрүшү, малайя шамшар-бычактар, зер буюмдар) өнүккөн.