БАНДУНГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:42, 14 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДУ́НГ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1955) Азия жана Африканын 29 өлкөсүнүн катышуусу менен Бандунгда (Индонезия) 1955-жылы 14–18-апрелде өткөн. Бандунг конференциясын чакыруу жөнүндө Индия, Бирма, Индонезия, Пакистан жана Цейлондун премьер-министрлеринин Коломбодо өткөн кеӊешмесинде (1954-жыл, апрель) макулдашылган. Алардан тышкары конференцияга: Афганстан, Камбожа, Кытай, Египет, Эфиопия, Алтын Жээк, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Непал, Филиппин, Сауд Аравиясы, Судан, Сирия, Таиланд, Түркия, Вьетнам Демократиялык Республикасы, Түштүк Вьетнам, Йемен катышкан. Бандунг конференциясынын катышуучулары колониализмди, расачыл сегрегацияны жана дискриминацияны айыптап, Камбожа, Цейлон, Япония, Иордания, Лаос, Ливия, Непал жана Бириккен Вьетнамды Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алуу өтүнүчү жана Коопсуздук Советинин убактылуу мүчөлөрүнүн ордун бөлүштүргөндө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн өкүлдүктөрүнө карата географиялык принципти туура колдонуу тууралуу Коопсуздук Советине кайрылган. Бандунг конференциясы өлкөлөрдү экономикалык жана маданий кызматташтыкка, куралсызданууга, атомдук жана термоядролук куралдарды чыгарууга, сыноого жана колдонууга тыюу салууга; бардык талаш-тартыш маселелерди тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырган. Бандунг конференциясы Азия, Африка элдеринин улуттук аӊ-сезимин өстүрүүгө, улуттук-боштондук кыймылынын өөрчүшүнө жардам берген.