БУФЕРДИК ЭРИТМЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:27, 18 Июнь (Кулжа) 2024 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУФЕРДИК ЭРИТМЕ – чөйрөнүн курамы өзгөрүлсө да, рНтын же окистенүү-калыбына келүү потенциалынын маанисин өзгөртпөй кармап туруучу эритме. Иш жүзүндө кислота-негиздик жана окистендиргич-калыбына келтиргич буфердик эритмелер белгилүү. Буларды концентрациялаганда, суюлтканда, ошондой эле күчтүү кислотаны же негизди бир аз кошкондо чөйрөдөгү рНтын маанисин өзгөртпөй кармап турат. Алар күчсүз кислота менен анын тузунун (СН3СООН ж-а СН3СООNa) же күчсүз негиз менен анын тузунун (NН4ОН ж-а NН4Сl) аралашмасынан пайда болот. Химиялык технологияда, анализдик химияда химиялык процесстердин рНтын берилген маанисинде жүрүшүн камсыз кылат. Буфердик эритме организмде өтүп жаткан биохимиялык процесстерде да чоӊ мааниге ээ, анткени алар чөйрөнүн белгилүү гана рНында жүрөт. Көпчүлүк биологиялык суюктуктар – буфердик эритме, алардын курамын карбонаттар, фосфаттар жана белоктор түзөт.