БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:12, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН ШАРКЫРАТМАСЫ Ысык-Көл өрөөнүндө. Барскон суусунун алабында. Барскон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортонку агымындагы карбон мезгилинин сланец тоо тегинен түзүлгөн тик кашаттан агып түшүп, диаметри 10–15 метрге чейин фонтан сымал чачырайт. Айланасында карагай токою, чытырман бадалдар (четин, тал, ит мурун, шилби, сары жыгач жана башка), жапалак арча өсөт. Бийиктиги 24 метр. Чоӊ шаркыратмадан 150 метр төмөн, бийиктиги 12 метр келген кашатта 2-шаркыратма пайда болгон. Барскон шаркыратмасы – туристтер үчүн эс алуучу жай. Анда 1962-жылы дүйнөнүн туӊгуч космонавты Ю. А. Гагарин болгон.