БАСОВ Станислав Александрович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСОВ́СОВ Станислав Александрович (25. 8. 1940-жылы туулган, Барнаул) – техника илимдеринин доктору (1986), профессор (1989), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери (1991). Томск политехникалык институтун (1962), Фрунзедеги политехникалык институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Автоматика институтунда лаборатория башчысы (1969–1992) болуп иштеген. С. А. Басовдун катышуусу менен жасалган ойлоп табууларга Швеция, Германия Федеративдүү Республикасы, Франция, Япония жана башка өлкөлөрдүн патенттери берилген. Илимий эмгектери негизинен тоо кен өнөр жайында, курулуш тармагында колдонулуучу гидравликалык бургулоочу машинанын конструкциясын түзүүгө, алардын динамикалык процесстерин изилдөөгө арналган. 200дөн ашуун илимий эмгеги, 20га жакын монографиясы жарык көргөн.