БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАХЧИСАРАЙ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1681) – Россия менен Түркия жана Крым хандыгынын ортосунда түзүлгөн убактылуу тынчтык келишими. 1680-жылы 26-августта Россиянын Польшадагы резиденти В. М. Тяпкин, дьяк Н. М. Зотов, украиналык катчы С. Ракович Крымга элчиликке жиберилип, 1681-жылы 13-январда Бахчисарайда 20 жылдык тынчтык келишими түзүлгөн. Анын шартында Россия менен Түркиянын чек арасы Днепр дарыясы боюнча өткөн; Киев, Васильков, Триполье шаарлары, Дедовщина жана Радомышль жерлери Россияга калган. Сол жээк Украина менен Киевдин Россияга кошулушун жана запорожьелик казактардын Россия букарасы болушун Түркия тааныган. Буг менен Днепрдин ортосунда бейтарап зона түзүлгөн. Крым татарлары Днепр жана башка өзөндөрдүн жээктериндеги талааларда көчүп жүрүү жана аӊчылык кылуу үчүн укук алышкан; казактар жана башка орус калкы Днепрде жана анын куймаларында балык кармоого, туз алууга, аӊчылыкка жана Днепрден Кара деӊизге чейин эркин сүзүүгө укук алышкан.