БАЯЗЫ ЧЕПКЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:52, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯЗЫ ЧЕПКЕН – сырт кийимдин бир түрү. Төөнүн ийрилген жүнүнөн өрмөккө согулуп, жеӊи узун жана тулкусу кенен бычылып, жалаӊкат ичтелип тигилет. Ал көбүнчө жылдын салкын мезгилдеринде кийилет. Баязы чепкен жылуу, бышык жана жеӊил болгондуктан, сый кийим катары бааланып, белекке да берилет. Аны «төө чепкен» деп да аташат.