БАЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЯ́Н (байыркы атактуу орус ырчы-жамакчысы Баяндын – Бояндын атынан) – клавишалуу-пневматикалык музыкалык аспап. Алгачкы хроматикалык гармонь – Баян 1870-жылы тулалык Н. Белобородов тарабынан жасалган. Баян деген азыркы мезгилдеги түшүнүктү уста П. Е. Стерлигов жана кыякчы Я. Ф. Орланский-Титаренко (1907) киргизген. Өркүндөтүлгөн төрт катарлуу хроматикалык гармониканын оӊ жагында

52 топчу, сол жагында 5 катар топчу (ар биринде 20дан) бар. XX кылымдын башында Россияда В. П. Хегстрем, Н. З. Синицкий да Баян жасоонун чеберлери болгон. Баян – эӊ кеӊири тараган орус эл аспабы. Жеке да, ансамблде да ойнолот, ошондой эле ырды коштойт. Азыркы мезгилде көп сандаган баянчылар ансамблдери бар. Кыргызстандын бир катар музыкалык окуу жайларында Баян сабагы өтүлөт.