БЕЙБУТОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:58, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙБУТОВ Рашид Межид оглы [1(14). 12. 1915, Тифлис – 9. 6. 1989, Москва] – азербайжан ырчысы (тенор), коомдук ишмер, СССРдин эл артисти (1959), Грузин ССР искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1986), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Р. М. Бейбутов Тбилисиде Д. Я. Андгуладзеден ырдоо боюнча сабак алган. Будапешттеги Бүткүл дүйнөлүк конкурста 1-сыйлыкка ээ болгон (1948). 1944–1956-жылдары Баку филармониясынын, 1953–1960-жылдары Азербайжан опера жана балет театрынын солисти болгон. Көрүнүктүү партиялары: Аскер (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Балаш (Ф. Амиров, «Севиль»). Азербайжан мамлекеттик концерттик ансамблинин уюштуруучусу (1956) жана көркөм жетекчиси. 1966-жылы Ыр

театрын уюштурган жана өмүрүнүн акырына чейин ошол театрда көркөм жетекчи жана солист болгон. Көп өлкөлөрдө азербайжан элдик ырларын, дүйнө элдеринин ырларын аткарып, гастролдордо болгон. Бейбутов киного да тартылган («Аршин мал алан», 1945; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1946). «Алыскы Индияда» (1952) китебинин автору. Кызы Рашида Ханум Б е й б у т о в а (3.11.1958-жылы туулган, Баку) – пианистка, ырчы (меццо-сопрано), 1985-жылдан Бейбутов атындагы Азербайжан ыр театрынын солисткасы.