БЕЙИТ БЕЛГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:00, 19 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЙИТ БЕЛГИ – өлгөн адамды эскерүү үчүн бейит үстүнө коюлган архитектуралык же скульптуралык чыгарма. Бейит белги мазмуну жана формасы жагынан ар кайсы элде ар түрдүүчө болот. Бейит белги түрдүү курулуш материалдарынан жасалат. Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерге, окумуштууларга, Ата Мекенди коргоочуларга жана башка инсандарга арналып ар түрдүү Бейит белгилери (мавзолей, бюст же жөн эле такта) тургузулат.