БЛАНТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:15, 20 Июнь (Кулжа) 2024 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЛА́НТЕР Матвей Исаакович (28.1 (10. 2). 1903, Чернигов губерниясы, Мглин уезди, Почеп, азыркы Брянск облусу – 24. 9. 1990, Москва) – орус композитору, РСФСР искусствосуна эмгек сиӊирген ишмер (1947), СССР эл артисти (1975), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1983). 1917–1919-жылдары Москва филармония коомунун музыкалык драма окуу жайында (скрипка классында) окуган. 1920-жылы Москвадагы «Мастфор» театр эстрадасы студиясында, түрдүү эстрада жана драма театрларында иштеген.

Жеӊил ыр-бий жанрында анын фокстроттору («Джон Грей», «Фудзияма», «Багдад») кеӊири белгилүү. 1930-жылы Блантердин чыгармачылыгынын мүнөзү кескин өзгөрүлгөн. «Партизан Железняк» жана «Щорс жөнүндө ыр» аттуу чыгармалары менен ал ыр жанрынын баштоочусу болуп калды. 1936-жылдан СССР мамлекеттик жаз оркестринин көркөм жетекчиси; коллектив анын М. В. Исаковскийдин сөзүнө жазылган «Катюша» (1939) аттуу ыры менен белгилүү болгон. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде «Кош болгула – шаарлар жана үйлөр» (1941), «Менин сүйүктүүм» (1942), «Оттор» (1943) жана башка мыкты чыгармаларын жараткан. «Душмандар үйүмдү өрттөштү» (1945), «Келгин куштар» (1949) жана башка көптөгөн ырлары эл арасына кеӊири тараган. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1946).